Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:18

Өзбек президентине арыз-муңун айткысы келген алты аял камалды


Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев.
Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев.

Ташкентте президент Шавкат Мирзиёевго арыз-муңун айтыш үчүн президенттик сарайдын алдына чогулган 30 аялдын алтоо камалды. Бул тууралуу ташкенттик укук коргоочу Татьяна Довлатова "Эркин Европа / Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, ал аялдар тергөө абактарындагы жакындарынын маселелери жана укук коргоо органдарынын аларга жасаган мамилеси тууралуу президентке арызданыш үчүн 23-июлда Ташкентке чогулушкан.

Алардын алтоо "ээнбаштык кылды" деген жүйө менен 15 күнгө камалса, калгандары алты сааттан ашык убакыттан кийин коё берилген.

Якка Сарой райондук милиция бөлүмү бул окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Мирзиёевдин басма сөз кызматы бул тууралуу маалыматы жок экенин айтып чектелди.

Шавкат Мирзиёев маркум Ислам Каримовдун ордун баскандан бери аткаминерлерди карапайым эл менен жакын мамиледе болууга чакырып келет. Элдин маселелерин угуш үчүн президенттин "виртуалдык кабылдамасы" да ачылган болчу. Сөз болуп жаткан аялдар "виртуалдык кабылдамага" каттала албай койгондон кийин президент менен түз кездешүүнү чечишкенин укук коргоочу Довлатовага айтып беришкен.

XS
SM
MD
LG