Жогорку сот Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун бөгөт чарасын карап, аны 28-августка чейин камакта калтырган райондук жана шаардык соттун чечимдерин күчүндө калтырды. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев маалымдады. Адвокат эми президентке кайрыла турганын айтты.
25-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кулматовдун камактагы мөөнөтүн узартуу маселесин карап, аны 28-августка чейин абакта калтырган. Актоочу тарап экс-мэрди үй камагына чыгарууну өтүнүп жогорку инстанцияга даттанган, бирок арыз канааттандырылган эмес.
Кулматов коррупция жана жараксыз паспортту пайдалануу боюнча айыпталып жатат. Быйыл 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен айып тагылган.
Июнь айында Кулматовго 350-346-беренелердин (“Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) негизинде экинчи кылмыш иши козголгон. УКМК аны "1995-жылы Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алган жана чек арадан мыйзамсыз өткөн" деп айыптап жатат. Азыр ал УКМКнын тергөө абагында отурат. (КЕ)