Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:58

7-апрель көчөсү боюнча сот 11-сентябрда өтөт


Бишкектеги Ала-Тоо аянты.
Бишкектеги Ала-Тоо аянты.

30-июлда Бишкектин район аралык соту Шабдан Баатыр көчөсүн 7-апрель деп өзгөрткөн чечимге байланыштуу доо арызды карады. Бул доо арыз боюнча алгачкы отурумда тараптар иш менен таанышып, кийинки жыйын 11-сентябрга белгиледи. Бул тууралуу доо арыз бергендердин бири Калича Умралиева маалымдады.

Бишкек шаардык кеңеши 19-мартта Шабдан Баатыр көчөсүнүн Түштүк магистралдан (Аалы Токомбаев көчөсү) Чүй проспектисине чейинки бөлүгүн 7-апрель деп өзгөртүү тууралуу токтом кабыл алган. Муну менен 2013-жылы кабыл алынган баш калаадагы көчөлөрдүн аталыштарын өзгөртүүгө тыюу салган мораторий бузулганы айтылган.

Бирок депутаттар Шабдан Баатырдан башка көчөлөрдүн аталышын өзгөртүүгө беш жылдык мораторий кабыл алган.

“Биздин укук” фондунун жетекчиси Калича Умуралиева шаардык кеңештин токтому мыйзамсыз экенин билдирип келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG