Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:46

"Коопсуз шаарды" ишке ашыруу боюнча сынак онлайн түрдө жүрүп жатат


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Бишкекте "Коопсуз шаар" долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча компаниялардын арасында жарыяланган сынак онлайн түрдө өтүп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөткө караштуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев билдирди.

Анын айтымында, сынак 20-июлда жарыяланган. Ага катышууну каалаган компаниялар онлайн түрдө катталууда. Бирок азырынча ага канча компания катышканы белгисиз. Сынактын жыйынтыгы 10-августта чыгарылат.

Кыргызстан бул ирет "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырыш үчүн сервистик модел ыкмасын тандап алды. Өкмөттүн эсебинде, Бишкек шаарында видео көзөмөл жабдууларын орнотуп, ишке киргизүүгө 12,5 миллион доллар керектелет.

"Коопсуз шаар" долбоорун киргизүү аракети 2011-жылы башталып, ошондон бери ишке ашпай келет. Ушул жылдын башында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун өкмөтү "Коопсуз шаардын" ордуна "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча кытайлык "Huawei Technologies" компаниясы менен келишим түзгөн. Жалпы баасы 60 миллион долларлык долбоордун алкагында Бишкек, Ош шаарларына жана үч кан жолго көзөмөл камераларын орнотуу каралган. Бирок март айында кыргыз тарап кытайлык компания менен келишимди бир тараптуу жокко чыгарган. Аны “келишимде жазылган мөөнөт сакталган жок, долбоорду ишке ашыруу боюнча документтер сапатсыз даярдалды" деп түшүндүргөн. Долбоор мамлекеттин күчү менен ишке киргизилери жарыяланган.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов буга чейин "Азаттыкка" азыркы “Коопсуз шаар” долбоору - “Акылдуу шаардын” компоненти экенин билдирген. (NT)

XS
SM
MD
LG