Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:50

Жогорку сот иликтөөсү "экстремисттик" деп табылган уюмдардын арызын карайт


“Бир дүйнө – Кыргызстан” уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова.
“Бир дүйнө – Кыргызстан” уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова.

Жогорку сот бүгүн отчеттору "экстремисттик" деп табылган өкмөттүк эмес уюмдардын арызын карайт. Бул тууралуу "Бир дүйнө - Кыргызстан" уюму билдирди.

Аталган уюм "Эмгек мигранттары жана алардын үй-бүлөлөрүнүн укуктарын коргоо", "2010-жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндө болгон окуялар: зомбулук хроникасы" деп аталган отчетторду басып чыгарууга, сактоого, ташууга жана жайылтууга тыюу салган, аларды "экстремисттик" деп тапкан чечимге каршы Жогорку сотко кайрылган. Сот жарандык доону кароону бүгүнкүгө белгилеген.

Эки отчетту былтыр 5-январда Октябрь райондук соту экстремисттик материалдардын катарына кошкону өткөн айда белгилүү болгон.

“Бир дүйнө - Кыргызстан” аны капыстан мониторинг жүргүзгөн учурда билип калганын жана мунун мыйзамсыз экенин маалымдаган. Натыйжада уюм райондук соттун чечимине каршы апелляциялык даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүүнү өтүнүп Бишкек шаардык сотуна кайрылган. 5-июлда шаардык сот “доо арыз убагында берилген эмес” деп аны канааттандыруудан баш тарткандыктан, Жогорку сотко даттануу жиберилген.

Кыргызстандын укук коргоо органдары докладдар кандай шартта "экстремисттик материал" деп табылганы тууралуу комментарий бере элек.

2010-жылдагы Ош окуясы тууралуу иликтөөнү норвегиялык Хелсинки комитети, “Мемориал” (ADC "Memorial") дискриминацияга каршы борбору, “Фридом Хаус” ("Freedom House") чогуу даярдаган. Мигранттардын укуктары тууралуу экинчи отчетту “Бир дүйнө - Кыргызстан” Орусияда жайгашкан "Мемориал" укук коргоо уюму менен кошо чыгарган.

Буга чейин Хелсинки комитети Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине кат жазып, бул чечимди жокко чыгарууга чакырган. (NT)

XS
SM
MD
LG