Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:33

Орусия грек дипломаттарын өлкөдөн чыгарат  


Орусия менен Грециянын желектери.
Орусия менен Грециянын желектери.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Грециянын элчиси Андреас Фриганаска дипломаттарды чыгаруу боюнча ниетин расмий кабарлады. Мекеменин маалыматында бул чечим грек бийлигинин чечимине жооп катары, ал июлда орусиялык эки дипломатты чыгаргандан кийин кабыл алынганы айтылат. Греция орусиялык эки дипломатты чыгарып, дагы экөөнө өлкөгө кирүүгө тыюу салган. Дипломаттарга маалымат топтоо, мамлекеттик аткаминерлерди сатып алуу аракети боюнча айып тагылган.

Грек тарап муну менен улуттук коопсуздукка коркунуч туулганын билдирген.

"Reuters" агенттигинин билдирүүсүндө, орусиялык дипломаттар Греция менен Македониянын ортосундагы келишимди бузууга аракеттенген болушу мүмкүн.

Бул эки өлкө Македониянын аталышын өзгөртүү багытында 30 жылдан бери мунаса таба албай жүргөн. Эки тарап бир пикирге келгенден кийин түзүлгөн жаңы келишим Македония үчүн НАТО менен Евробиримдикке жол ачат.

Өткөн айда Македониянын парламенти өлкө аталышы боюнча референдумду 30-сентябрда өткөрүү тууралуу сунушту колдоду. Элдик добуш берүүгө: “НАТО менен Евробиримдикке мүчө болууга макулсуңарбы? Македония менен Грециянын ортосундагы өлкө аталышы боюнча келишимди колдойсуңарбы?” деген суроолор коюлат.​

XS
SM
MD
LG