Жогорку сот Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовду камакка алуу боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Райондук сот Ибраимовду 29-августка чейин камакка алуу чечимин чыгарган эле.
Адвокат Сергей Слесарев экс-мэрди камакка алуу тууралуу чечим мыйзам бузуу менен кабыл алынганын билдирип, Жогорку сотко кайрылган.
Сот имаратынын алдына Ибраимовдун 80ден ашык тарапкери келип, адвокаттын өтүнүчүн канааттандырууну суранышты.
Албек Ибраимов Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен айыпталып жатат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) билдирүүсүнө караганда, Албек Ибраимов "Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп турганда "270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четиндеги беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар" деп айыпталып жатат. Албек Ибраимов 19-июлда кармалган. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында отурат. (BkA)