Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:02

Путин менен Меркел жолукканда Сенцовду колдогондор пикетке чыгышты

Орусиянын абактарында жаткан украиналык саясий туткундар жөнүндө тартылган фильмден кадр.
Орусиянын абактарында жаткан украиналык саясий туткундар жөнүндө тартылган фильмден кадр.

Берлиндин алдындагы Мезерберг сепилинин жанында Орусиянын президенти Владимир Путин менен Германиянын канцлери Ангела Меркел жолугушуп жаткан маалда ​Олег Сенцовду боштондукка чыгарууну талап кылган пикет өттү. Украин режиссерунун Орусиянын абагында ачкачылык кармап отурганына 100 күндөй болду.

Пикеттин катышуучулары Орусия каратып алган Крымда кармалган саясий туткундардын сүрөттөрүн жана “Олег Сенцовду өлтүрүүнү токтоткула”, “Олег Сенцовду сактап калгыла” деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп турушту.

18-августта Путин менен Меркел кездешип, үч сааттай сүйлөштү. Кремль маалымдагандай, эки лидер Украинадагы, Сириядагы кырдаалды жана “Түндүк агым - 2” долбоорун такуулашты. Сүйлөшүүдө Сенцов тууралуу сөз болгон-болбогону азырынча белгисиз.

Жолугушууга чейин Меркелдин басма сөз катчысы Берлин абакта ачкачылык кармап отурган режиссердун маселеси "гуманитардык" алкакта чечилет деп үмүттөнүп турганын билдирген.

20 жылга эркинен ажыратылган Сенцов 14-майдан бери ачкачылык кармап жатат. Украиналык кинорежиссер 2014-жылы май айында Крымда кармалган. Кийин Орусиянын соту аны "жарым аралда теракт даярдаган" деген айып менен 20 жылга эркинен ажыраткан.

XS
SM
MD
LG