АКШдан келген Билал өспүрүмгө жардам берди
АКШда ата-энеси менен жашаган он бир жаштагы Билал акча чогултуп, Кыргызстандагы майып балага жардам берди. Бул Билал Ибрагимдин Кыргызстанга биринчи жолу келиши. Баатырбекти ал "Фейсбуктан" көрүп, боору ооруган экен. Ошол күндөн тарта күнүмдүк акчасын үнөмдөп, тааныштардан сурап жатып миң доллардан ашык каражат топтогон. Жаш кезинде шал оорусуна чалдыгып, баспай калган Баатырбекке Билалдын жардамы чоң дем берди. Ал келечекте океан ары жагына барып, жаңы тапкан досу менен катташып турууну каалайт.
Чыгарылыштар
-
Март 11, 2026Вандык кыргыздар: Памирден уланган мурас
-
Март 04, 2026Иран, Израилдеги кыргызстандыктардын абалы
-
Март 02, 2026“Кыргызстанга кете албай жатабыз”
-
Февраль 23, 2026“Англияга бешинчи жолу жөнөдүм”. Мигранттар Британияга бет алды
-
Январь 21, 2026Немис канцлердин партиялашы Раушан