Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:10

Азиада-2018: Акжол Махмудов финалга чыкты


Акжол Махмудов.
Акжол Махмудов.

Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Азия оюндарынын финалдык бөлүгүнө чыкты. Ал буга чейин 1/8 финалда Кореянын, чейрек финалда Өзбекстандын жана жарым финалда Түркмөнстандын балбандарын жеңди. Финалда Акжол Иран балбаны Гарей Мохамедали менен күрөшөт.

87 кг. салмакта күч сынашкан Самат Шырдаков жана 130 кг. салмакта күрөшкөн Мурат Рамонов мелдештерин байгесиз жыйынтыктады.
97 кг салмакта Үзүр Жусупбеков чейрек финалда жапониялык Юта Нараны 7:1 эсебинде жеңди. Жарым финалда кытайлык Кшао Ди менен таймашып, 1:8 эсебинде жеңилди. Алдыда коло байге үчүн күрөшөт.

Буга чейин кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова, Каныбек Жолчубеков жана Могамед Мусаев финалдык беттештерин уттуруп, күмүш медалга татыган. Азырынча Кыргызстандын капчыгында үч күмүш жана үч коло байге бар. (SDz)

XS
SM
MD
LG