Импорттолгон товарларга тарифтерди көтөрүүнүн экинчи баскычы Кытай менен Кошмо Штаттардын соода талашы боюнча карама-каршылыгы чечилбей жаткан убакка туш келди.
АКШда Кытайдан ташылган товарларга бажы алымын 25% көтөргөн эреже 23-августтан тартып иштей баштады. Вашингтон кыймылдаткыч жана башка техникалык, электрондук жабдууларды импорттого бааны жогорулатты. Буга чейин Америка тарап "Кытайдын компаниялары технологияны уурдайт жана Бээжиндин өнөр жайды өнүктүрүү планы Кытайдын эркин соода жүгүртүү боюнча милдеттенмелерине карама-каршы келет" деп арызданып келген. Ал эми Кытай АКШнын автоунааларына жана темир-тезек материалдарына бажы салымын көбөйттү.
Эки өлкөнүн бул жолу бири-бирине киргизген жаңы бажы тарифинин суммасы 16 миллиард долларды түзөт.
АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайдын өндүрүмүнө бажы тарифтерин биринчи жолу 6-июлда 25 пайызга көтөргөн. Анда бул кадам 34 миллиард долларды түзөрү айтылган.
Кытай да ошол замат жооп кылып, америкалык товарларга карата алымдарды ушундай эле суммада жогорулаткан. Бээжин АКШны Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерин бузуп жатат деп сындаган.
Ушул күндөрү эки тараптын өкүлдөрү Вашингтондо соода талашы боюнча жолугушуп жатат.