Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:04

ИИМ да шектүү байрак алып жүргөндөрдү кармады


Кара байрак көтөргөндөр. Сүрөт Интернеттен алынды.
Кара байрак көтөргөндөр. Сүрөт Интернеттен алынды.

Ички иштер министрлиги да "экстремисттик уюмдарга тиешеси болушу мүмкүн" деп шектендирген байракты алып жүргөндөрдү кармады. Бул тууралуу “Азаттыкка” министрликтин маалымат бөлүмүнүн кызматкери Карима Аманкулова билдирди. Анын айтымында, күмөндүү желек Кант-Бишкек жолунда, тагыраагы Лебединовка айылында тартылганы такталды.

- УКМК менен ИИМдин чогуу жүргүзгөн аракеттеринин натыйжасында “Тойота-Виш” автоунаасынын айдоочусу Э.Т кармалды. Ал араб тилинде жазылган кара-көгүш байрак классташынын өтүнүчү менен, улуттук азчылыктардын белгиси катары колдонулганын түшүндүрдү. Тергөө учурунда ал желекте “Мухаммедди Алла өз ырайымына алсын” жана “Жараткан Алла” деген гана сөздөр бар экени аныкталды. Ал эми байрак өзү эл аралык террористтик уюмдардын атрибуту болуп саналбайт, - деди Аманкулова.

Түшүндүрүү иштеринен кийин автоунаанын айдоочусу кое берилди.

Буга чейин “Фейсбук” колдонуучуларынын арасында арабча жазылган кара желекти автоунаасынын үстүнө байлап алып, жолдо бараткан видео талкууга түшкөн. Видео Чүйдө тартылганы айтылган.

27-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кара желек илип алган үч автоунааны кармаганын кабарлаган. Алар “CERBER AVTO CLUB” деп аталган автоборборунун мүчөлөрү болушканы жана байрак ушул клубдун символикасы экени айтылган. Алар да түшүндүрүү иштеринен кийин кое берилген. (ErN)

XS
SM
MD
LG