Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:19

Орусия АКШны Сириянын аймагына сокку урбоого чакырды


Идлибдеги качкындар лагеринен бир көрүнүш. 29-август, 2018-жыл.
Идлибдеги качкындар лагеринен бир көрүнүш. 29-август, 2018-жыл.

Орусиянын Вашингтондогу элчилиги америкалык жогорку даражалуу расмий адамдарды АКШ Сирияда “актоого болбой турган жана мыйзамсыз агрессияга дагы бир ирет” барбашы керек экенин билдиргенин кабарлады.

Орусиянын Вашингтондогу элчиси Анатолий Антонов апта башында АКШнын мамлекеттик катчысынын Жакынкы Чыгыш боюнча жардамчысы Дэвид Саттерфилд жана Сирия боюнча жаңы чабарманы Жим Жеффри менен жолугушканда ушундай маанидеги эскертүү берген.

Сириянын өкмөттүк күчтөрү жана Орусия президент Асаддын режимине каршы чыккан козголоңчулардын акыркы маанилүү таянычы - Идлиб провинциясындагы операцияга даярданып, аны “антитеррордук” деп мүнөздөшүүдө.

АКШнын президенти Дональд Трамп химиялык курал колдонулганы тууралуу маалыматтардан кийин былтыр жана быйыл Сирияда өкмөттүк аскердик буталарга абадан сокку урууга эки жолу буйрук берген эле.

Ал эми Батыш өлкөлөрү Идлибдеги операцияны утурлай Сириянын бийлигин химиялык курал колдонбоого чакырды.

Мындай билдирүүгө БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш да кошулуп, “химиялык куралды колдонууга жол берүү таптакыр алгылыксыз” экенин белгиледи.

АКШ, Британия, Франция ушул аптада Сириянын бийлигин Идлибге чабуул коюлуп жатканда химиялык курал колдонбоого чакырып, эгер ал колдонулса Батыш чара көрөрүн эскерткен.

Москва болсо өз кезегинде Сириянын козголоңчуларын "Батыштын абадан сокку урушуна шыкак бериш үчүн химиялык чабуул даярдап жатат" деп айыптады. (UE)

XS
SM
MD
LG