Анкарада каза болгон 21 жаштагы кыздын сөөгү жакын арада мекенине жөнөтүлөт. Акысыз жеткирүү тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатканын Кыргызстандын Анкарадагы консулу Чыңгыз Абдурахманов "Азаттыкка" билдирди.
Анын айтымында, кыз 31-августта достору менен бассейнге барып эс алган. Кечинде үйгө келгенде жүрөгү токтоп калган. Кыздын апасы да Анкарада жашайт. Өлүмдүн так себеби аныктала элек, териштирүү жүрүүдө.
- Үйгө келгенде апасы менен жаңжалдашып, дары ичип алган, сыягы. Туугандары бизге келип кетишти. "Пегасус" компаниясы менен сүйлөштүм, сөөктү акысыз жеткиришет, - деди Абдурхаманов.
Расмий маалымат боюнча, Түркияда 20 миңден ашуун кыргызстандык эмгектенет. Көбү Стамбул, Анкара, Анталияда.
Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугунун маалыматына караганда, 2017-жылы Түркиядан 15 "Жүк-200" келген. (ElB)