Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:50

“Кара-Балта” көмөк чордону жаңыланууда


Петровка айылында жайгашкан 220/110/10кВ “Кара-Балта” көмөк чордону
Петровка айылында жайгашкан 220/110/10кВ “Кара-Балта” көмөк чордону

“Кара-Балта” көмөк чордонуна ар биринин баасы 2 жарым миллион сом болгон 8 элегаздуу өчүргүчтөр орнотулуп жатат. Алар мурда май менен иштеген өчүргүчтөрдүн ордуна коюлууда.

Реконструкциялоо иштери күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында жүрүп, калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууга жана маал-маалы менен өчүрүүлөрдү алын алууга шарт түзөрү айтылды.

Учурда көмөк чордондо эки элегаз орнотулган. Топтомдордун калган бөлүктөрү эки айдын аралыгында алмаштырылып бүтөрүн Чүй облусунун жогорку чыңалуу электр тармактары боюнча ишканасынын директору Таалайбек Ибраев билдирди.

“Кара-Балта” көмөк чордону 1976-жылы ишке киргенден бери майлуу өчүргүчтөр менен иштеп келген. Былтыр Азия өнүктүрүү банкы каржылаган “Электросекторду өнүктүрүү” долбоорунун алкагында кубаттуулугу 110 кВ түзгөн элегаздуу өчүргүчтөргө сатылып алынып, учурда орнотуу иштеринин 90 пайызы бүткөрүлдү.

“Кара-Балта” көмөк чордону Бишкек энерго түйүнүнүн транзитин, Панфилов, Москва, Жайыл, Сокулук райондорун жана "Жунда" заводун электр энергиясы менен камсыздайт.

XS
SM
MD
LG