Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:15

Мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар өнөрлөрүн көрсөтүшөт


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектеген улан-кыздардын колунан жаралган буюмдардын жармаңкеси өтөт. Ага өлкөнүн бардык аймагынан 200гө жакын адам катышат. Ушул эле күнү алар өз өнөрлөрүн тартуулап, концерт өткөрүшөт. Уюштуруучулардын “Азаттыкка” айтымында, #ЛОВЗпринт долбоорунун алкагында 18-сентябрда Бишкекте марш өтөт. Иш-чара майыптардын көйгөйүнө бийликтин көңүлүн бурдуруу жана Кыргызстанды БУУнун Майыптар жөнүндө конвенциясын ратификациялоо чакыруу максатында өткөрүлүп жатат.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, ушу тапта Кыргызстанда 177 миң майып бар. Анын 29 миңден ашууну балдар. Биринчи топтогу майыптардын жалпы саны 5,5 миңден ашат, алардын 4700дөн көбү тубаса, 800дөйү түрдүү кырсыктан улам тагдырдын оор сыноосун баштан кечирип жатышат.

Кыргызстанда майыптардын эмгек жана башка социалдык укуктары сакталбай жатканын өкмөт да моюнга алып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG