Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:27

Иран теракт үчүн жикчилдерди айыптады


Ирандын президенти Хасан Роухани аскердик парад маалындагы чабуул үчүн араб жикчилдерин жана аларды колдогон Перс булуңундагы бир өлкөнү күнөөлөдү. Ал тапта Кошмо Штаттар Ахваз шаарындагы кол салууну айыптап, Иран элине көңүл айтты. 22-сентябрда Ахваз шаарында болгон теракт 25 кишинин өмүрүн алып кеткен.

Ирандын президенти Хасан Роухани аскердик парад учурундагы кол салуу үчүн араб жикчилдерин жана аларды колдогон Перс булуңундагы бир өлкөнү айыптады. Президент атын атабаган ал мамлекетти өз кезегинде АКШ колдойт деди. “Бул ишти ким жасаганын, алар ким менен байланышта экенин биз жакшы билебиз”, - деди Роухани Нью-Йоркко жол тартардын алдында.

- Региондогу ошол бардык майда, "кол балага" айланган өлкөлөрдү Америка колдойт. Америкалыктар аларды көкүтүп турат. Америкалыктар аларга ушундай кылмышты жасоо үчүн керектүү мүмкүнчүлүктү түзөт.

Роуханинин комментарийи Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираттары же Бахрейнге тиешелүү болушу мүмкүн. Үчөө тең Вашингтондун аскерий өнөктөшү, үчөө тең Жакынкы Чыгыштагы согушкер топторду колдогон Тегеранды регионалдык стабилдүүлүккө коркунуч катары баалашат.

Буга чейин Ислам революциясынын сакчылары 25 кишинин өмүрүн кыйган чабуул жоопсуз калбай турганын эскерткен. Өлгөндөрдүн арасында сакчылар корпусунун 12 аскери бар болчу. Алтымыштан ашык адам жараат алды.

Ирандын маалымат каражаттары аскердик униформа кийген бир нече куралчан адам өлкөнүн түштүк-чыгыш тарабында орун алган Ахваз шаарында парад өтүп жаткан кезде расмий адамдар турган трибунаны аткылай баштаганын кабарлашкан. Аскердик иш-чара 1980-1988-жылдардагы Ирак менен согуштун башталышына арналган болчу.

Ахваз Ирак менен чек аралаш Хузестан провинциясында жайгашкан жана ал жерде ири араб жамааты жашайт. Чөлкөмдө буга чейин болуп келген зордук-зомбулук үчүн Иран бийлиги ар дайым региондогу атаандаш өлкөлөрдү айыптачу.

Тегеран ошондой эле 23-сентябрда Дания, Нидерланд жана Британиянын элчилерин чакыртканы кабарланууда. Иран бийлиги ал өлкөлөрдө Тегеран өкмөтүнө каршы аракеттенген Ахваз Улуттук каршылык көргөзүү кыймылына жакын уюмдар башпааналайт деп шектенүүдө. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти арабдардын ошол кыймылы өзүнө алган. Бирок “Ислам мамлекети” террордук тобу да терактты уюштурганын билдирүүдө.

Даниянын тышкы иштер министри Андерс Самуэлсен терактты айыптады жана кан төгүү үчүн жооптуулардын Дания менен байланыштары болсо, анда керектүү чара көрүлөөрүнө басым жасады.

АКШ жана Улуттар уюму чабуулду айыптап, Иран элине көңүл айтышты.

“АКШ террорчулукту жана бейкүнөө адамдардын өлтүрүлүшүн айыптайт”, - деп билдирди 22-сентябрдын кечинде Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Хизер Нойерт.

Бирок АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли Тегерандын дооматына жооп кайтарып, Роуханинин “узак убакыттан бери өз элин басмырлап келатканы ушундай кол салууга алып келди" деп билдирди.

- Кошмо Штаттар кандай болбосун, кайда болбосун, терактты айыптайт. Биз дайыма ушундай позицияда болуп келгенбиз. Менимче, Роухани өзүнүн үйүндө болуп жаткандарга көз чаптырса жакшы болмок. Иран эли каршылыгын билдирүүдө. Ирандагы ар бир тыйын аскер тармагына жумшалат. Роухани көптөн бери өз элин эзип келатат. Эмне болуп жатканын түшүнүү үчүн өз өлкөсүндөгү иштерди караса болмок.

Айрым кабарларга караганда, Бириккен Араб Эмираттарынын элчиси да чакырылды. Иран ал өлкөнүн жогорку расмий өкүлү жасаган “жоопкерчиликсиз жана акарат келтирген” билдирүүсүнө нааразы болууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG