Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:42

Иранда парад учурунда теракт болду


Иран
Иран

Ирандын Ахваз шаарында аскерий парад учурунда элге ок атылды.

Акыркы маалымат боюнча 24 киши каза таап, 60тай киши жараат алды. Өлгөндөрдүн жана жарадар болгондордун арасында аялдар менен балдар да бар экени кабарланды.

Рейтердин кабарлашынча, теракт үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук тобу алган. Жоопкерчиликти арабдардын "Улуттук каршылык" тобу дагы алганы маалымдалган.

Ал эми Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары ок атууга исламдын радикалдуу такфиризм идеологиясынын тарапташтары жооптуу экенин айтышууда.

Ушундай эле аскерий параддар 22-сентябрда Ирандын бир катар шаарларында өтүп жатат. Алар сегиз жылга созулган Иран-Ирак согушунун аякташынын 30 жылдыгына арналган.

Иранда парад учурунда теракт болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:45 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG