Линктер

ишемби, 20-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 11:09

Кулматов октябрдын аягына чейин абакта калды


Кубанычбек Кулматов

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кубанычбек Кулматовдун бөгөт чарасынын мөөнөтүн узартууну карап, аны 28-октябрга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кулматовдун адвокаты Сергей Слесарев билдирди.

Жактоочу “Кулматов үчүн мыйзам иштебей турганын жана бул чечимдин үстүнөн жогорку инстанцияга кайрыларын” кошумчалады.

Кулматовдун абактагы мөөнөтү ушуну менен үчүнчү жолу узартылды. 5-июнда кармалган экс-мэр алгач 28-июнга чейин камакка алынган. 25-июнда анын бөгөт чарасы каралып, 28-августка чейин камакта калган. Сот экинчи жолу анын абактагы мөөнөтүн 28-сентябрга чейин узарткан.

Чечимдердин баарын Биринчи Май райондук соту кабыл алган. Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот ал чечимдерди катары менен күчүндө калтырган. Кулматовдун адвокаты Слесарев бул чечимдерди “мыйзамсыз жана орунсуз” деп баалап келет.

Кулматов коррупция жана жараксыз паспортту пайдалануу боюнча айыпталып жатат. Быйыл 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен айып тагылган.

Июнь айында Кулматовго 350-346-беренелердин (“Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) негизинде экинчи кылмыш иши козголгон. УКМК аны "1995-жылы Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алган жана чек арадан мыйзамсыз өткөн" деп айыптап жатат. Азыр ал УКМКнын тергөө абагында отурат. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG