Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 05:11

“Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясындагы абал талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясындагы абалды талкуулайт.

Буга байланыштуу Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Ренат Тулебердиев маалымат берет. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин аталган улуттук авиакомпаниянын акциясынын 49 пайызын сатыкка чыгарылган. Мамлекеттик жалгыз авиакомпанияны сатып алууга германиялык, индиялык жана болгариялык инвесторлор кызыгаары айтылган. Эл аралык ишкерлер авикомпаниянын акцияларынын кеминде 51 пайызын алууну сунуштаган. Жарандык авиация агенттиги компания сатылса, Кыргызстандын "Аба кодекси" бузула турганын айткан.

Мамлекеттик мүлк фонду берген маалыматка ылайык, көз каранды эмес баалоо компаниясы "Эйр Кыргызстандын" сатыкка коюлган 49 пайыз акциясын 188,8 миллион сом деп баалаган. 2016-жылдын 6-сентябрында арыз түшпөгөндөн улам инвестициялык сынак өтпөдү деп табылган.

Кыргыз өкмөтү ушу тапта “Ачык асман” долбоорун жүзөгө ашырууга умтулууда. Жергиликтүү авиакомпаниялар аталган долбоор ишке кирсе "банкрот болобуз" деген кооптонууларын айтып келет. Кыргызстандык авиакомпаниялар Евробиримдиктин “кара тизмесинен” да 2006-жылдан бери чыкпай турат. Кыргызстанда аба каттамы аркылуу бир жылда 2 миллион киши сапарга аттанат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG