Социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын “Азаттыкка” ырастады. Анын айтымында, өз каалоосу менен кызматын тапшыруу тууралуу арызын ал өткөн жуманын аягында жазган. Мамытова арыз жазууга кимдир-бирөөнүн басымы болгон-болбогону боюнча комментарий бере албасын билдирди.
“Эгер өкмөт таза кадрлар менен иштөөнү кааласа, анда менин арызымды кабыл албайт. Премьер-министрге жолугууга аракет кылдым, бирок азырынча кабыл ала элек”, - деди Лунара Мамытова.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева "Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилеринин чет өлкөлөрдөгү саякаттарын текшерүү зарыл" деп билдирген.
Анын айтымында, катардагы адистер чакырылган иш-чараларга министр жана анын орун басарлары өздөрү барып жүрүшкөн.
Аида Касымалиева "мамлекеттик кызматкерлер эс алууга чыкканда дипломатиялык паспортторун колдонуп жүрүшкөн" деп билдирген.
Министрдин орун басары Лунара Мамытова өзүнүн дипломатиялык паспортун кызматтык максатта гана колдонуп келгенин, мындай айыптоолорго негиз жок экенин айткан.
Бирок Башкы прокуратура өз иликтөөсүнө таянып, Социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилери дипломатиялык паспортторду жеке иштери үчүн колдонгону аныкталганын билдирген. (BkA/KR)