Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:49

ММК: Чехияда "Петров" менен "Боширов" Скрипалды аңдышкан


Александр Петров менен Руслан Боширов Солсберинин темир жол бекетинде. 3-март, 2018-жыл.
Александр Петров менен Руслан Боширов Солсберинин темир жол бекетинде. 3-март, 2018-жыл.

Британияда мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлияны ууландыруу боюнча шек саналган орусиялык эки жаран 2014-жылы Чехияга жашыруун келип кетишкен. Ошол маалда чех жергесинде Скрипаль да жүргөн. Бул тууралуу чех радиосу чалгын кызматындагы өз булактарына таянып кабарлады.

Радионун кабарына караганда, Скрипаль Чехиянын контрчалгын кызматкерлери менен жолугуп, орусиялык тыңчыларды кантип аныктоонун жол-жобосу боюнча кеп-кеңешин берип жүргөн.

Радиого маалымат берген булактардын ырастоосунда, ошол тапта Чехияга британ бийлиги издөө жарыялаган «Александр Петров» жана «Руслан Боширов» да келип, Скрипалдын артынан аңдып жүрүшкөн.

Петров Чехияга 2014-жылдын октябрында келген. Бир нече күн Острава шаарындагы мейманканада жашап, анан Прагага жеткен. Боширов дароо эле Прагага учуп келген. Орусиялыктардын сапары чехтердин контрчалгын кызматынын гана эмес, Уюшкан кылмыштуулукка каршы улуттук борбордун да кызыгуусун пайда кылган.

"Bellingcat" жана "Insider" агенттиктери Лондон издөө жарыялаган эки орусиялыктын тек-жайын таап жарыялады. Алар Орусиянын Башкы чалгын башкармалыгынын (Главное разведывательное управление - ГРУ) офицерлери Анатолий Чепига ("Руслан Боширов") жана аскердик дарыгер Александр Мишкин ("Александр Петров") болуп чыкты.

Лондон быйыл мартта Солсбери шаарында Скрипалды жана анын кызы Юлияны химиялык зат менен ууландырып, өлтүрүүгө аракет кылганы үчүн жоопкерчиликти ГРУнун офицерлерине жүктөгөн.

XS
SM
MD
LG