Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:31

"Microsoft" компаниясын негиздөөчүлөрдүн бири Пол Аллен көз жумду


Пол Аллен жана Билл Гейтс.
Пол Аллен жана Билл Гейтс.

Билл Гейтс менен бирге "Microsoft" компаниясын негиздеген Пол Аллен 65 жашында дүйнөдөн кайтты. Үй-бүлөсү ал онкологиялык оорусу күчөгөндөн улам көз жумганын билдирди.

Аллен окуучулук кезден берки досу Гейтсти 1975-жылы IT тармагында революция жасаган компанияны ачууга көндүргөн. Алар сунуш кылган операциондук система компьютерди карапайым элдин жапырт колдонуусуна жол ачкан.

Аллен 1983-жылы компаниядан кеткен, бирок үлүшүн сактап калган. "Microsoft" акциялары кымбаттагандан кийин миллиардерге айланган. Жасалма интеллект, биоилим жана космос кемесин куруу тармактарына инвестиция салган.

Ондогон миллион долларын кайрымдуулукка короткон. 2010-жылы өлгөндөн кийин кирешесинин ири бөлүгүн кайрымдуулукка жумшоого убада берген. Аллен "Форбс" журналынын быйылкы рейтингинде 21,7 млрд. доллары менен 44-орунду ээлеген.

“Пол чыныгы өнөктөш жана башкача дос эле. Ансыз персоналдык компьютер дүйнөсү жаралмак эмес” деп эскерди Билл Гейтс.

XS
SM
MD
LG