Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:25

АКШ ирандык 20 компанияга жана банктарга санкция киргизди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Финансы министрлигинин сайтында жарыяланган маалыматка караганда, Ирандын аскердик корпусунун бөлүгүн каржылоого да чек коюлду. Мекеме ал бөлүктү "балдарды жоокер катары Сириядагы согушта колдонгон" деп айыптады.

Америкалык компанияларга «кара тизмеге» кирген ирандык компаниялар менен алыш-бериш жүргүзүүгө тыюу салынды. Ал эми ирандык компаниялардын Кошмо Штаттардагы активдери камакка алынат.

Вашингтон менен Тегерандын мамилеси быйыл майда АКШнын президенти Дональд Трамп өз өлкөсү эл аралык өзөктүк келишимден чыгаарын жана Иранга каршы санкциялар калыбына келээрин жарыялагандан кийин чыңалды.

АКШ менен Израилдин бийлиги үч жыл мурун келишим Иранга өзөктүк куралды тымызын иштеп чыгууга шарт түзгөн деп эсептейт. Тегеран бул айтылгандарды четке кагып келет.

Евробиримдик АКШ менен макул болбой, санкцияларга каршы чара иштеп чыгаарын билдирген.

Иран өзүнүн өзөктүк куралынан баш тартса ага карата эл аралык санкцияларды киргизүүнү камтыган келишимге 2015-жылы Иран, АКШ, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон.

XS
SM
MD
LG