Кыргызстандагы балдар үйүндө жашаган жетим балдарды багып алабыз деп ишенип, далай акчасын коротуп, андай балдар менен таанышып, туугандашып, Бишкекте атайын соттун чечимин чыгартып, "мына эми балабызды алып кетебиз" деп жатканда, италиялык 20 үй-бүлө - бул иштин баары башынан аягына чейин жасалма спектакль болгонун, алар жана Кыргызстанда калган кичинекей балдар да эл аралык аферисттерге алданганын билишкен. Эми соттошуп жаткан италиялыктар өздөрү үчүн гана эмес, "ата-энем ушулар экен" деп алданган балдардын да укугун коргоп жатышканын айтышат. Чыныгы турмушка караганда, детектив киного көбүрөөк окшошкон бул иш боюнча италиялык "Айроне" деген жергиликтүү фирманын эки кызматкерине жана кыргызстандык эки ортомчуга "Алдамчылык" беренеси боюнча айып тагылган. Анткени Бишкектеги Свердлов райондук сотунда кадимки униформа кийген прокурор, судьянын катышуусунда өткөн сот процесси жасалма уюшулганы, сот өкүлдөрүнүн ролдорун аферисттердин тааныштары аткарганы белгилүү болгон.
Чыгарылыштар
-
Июль 04, 2026Дүйнөнү каптаган аптап Кыргызстанды да кыйнайбы?
-
Июнь 12, 2026Европа мигранттарды Борбор Азияга жөнөтөбү?
-
Май 30, 2026Ереван менен Москва тиреши артында эмне турат?
-
Май 22, 2026Дрон согушу: Киевдин жаңы тактикасы
-
Май 15, 2026Эки оттун ортосунда калган Ливан
-
Апрель 06, 2026Жакынкы Чыгыш: Ирандагы согуштун Борбор Азияга таасири