Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:53

Орусиянын Краснодар крайында суу ташкындап, бир нече киши өлдү


Ташкындын кесепеттери.
Ташкындын кесепеттери.

Орусиянын түштүк-батышындагы Краснодар крайында катуу нөшөрдөн улам жергиликтүү дарыялар нугунан ашып, аймакты суу каптады. Кеминде алты киши каза таап, жүздөгөн адамдар жабыркаганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгы кабарлады.

Мекеменин жетекчиси Сергей Капустиндин айтымында, курман болгондордун сөөктөрү Туапсинск жана Апшеронск райондорунда табылган. Туапсе жана Сочи шаарларында жана алардын жака-белиндеги отуздай айыл-кыштактарда миңдеген турак жай керектен чыкты. Поезд жана автобус каттамдары токтотулуп, бийлик аймакта өзгөчө кырдаал режимин жарыялады.

XS
SM
MD
LG