Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:17

Жөлөкпул мыйзамынын аткарылышына мониторинг жүргүзүлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Парламентте "Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөгү" мыйзамдын аткарылышына мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу топ түзүлдү. Топту КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева жетектейт.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, бул маселе Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин дүйшөмбүдөгү жыйынында талкууланды.

Жумушчу топко мониторингдин жыйынтыгын кийинки жылдын 30-апрелине чейин тармактык комитетке маалымдап, андан кийин сессияга алып чыгуу тапшырылды.

"Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөгү" мыйзамдын жаңы редакциясы быйыл июлдан тартып иштей баштаган.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, быйыл мыйзамдын негизинде 75 миң балага сүйүнчү пул берилди. Бирок эл арасында "аны алуу татаал болуп жатат" деген дооматтар бар. (NT)

XS
SM
MD
LG