Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Мурдагы депутат Дамирбек Асылбек уулунун соту 2-ноябрда уланат


Дамирбек Асылбек уулу.
Дамирбек Асылбек уулу.

Казакстанда Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун соту 2-ноябрда уланат.

"Эл аралык аткезчи топтун мүчөсү болгон" деген шек менен Казакстанда кармалган Дамирбек Асылбек уулу жана аны менен кошо айыпталган жети казакстандык, эки кыргызстандык жарандын ишин Алматы район аралык соту карап жатат. Жараян быйыл 19-октябрда башталды.

Мурдагы депутат сотто кыргыз жараны экенин билдирип, Кыргызстанда соттоону суранганы айтылууда.

"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Нурбек Алимбеков сотко атайын өкүл бара турганын "Азаттыкка" билдирди.

Быйыл февралда Казакстанда аткезчиликке шектүү катары кармалган 29 кишинин арасында Кыргызстандын үч жараны, Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу да бар экени белгилүү болгон.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кийинчерээк Дамирбек Асылбек уулу казак жараны экенин маалымдаган. Депутаттын атасы уулу Кыргызстандын жараны болгонун, Каракол шаарында туулуп-өскөнүн айтып чыккан.

XS
SM
MD
LG