Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:08

7-ноябрда тоолуу райондорго кар жаайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

7-ноябрда түнкүсүн Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Тоолуу аймактарда жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...+3, күндүз 9...14,

Талас жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз 9...14,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...+4, күндүз 9...14,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...+2, күндүз 5...10,

Нарын аймагында түнкүсүн -4...-9, күндүз 5...10,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15...-20, күндүз -3...-8 градус болот.

Бишкек шаарында асман булуттуу болот. Жаан жаабайт. Абанын табы түнкүсүн 1…3, күндүз 10…12 градус болот.

XS
SM
MD
LG