Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:07

Иранда ишембидеги футбол матчына аялдар да бара алды


Тегеранда Азия Чемпиондор Лигасынын финалына жүздөгөн кыз-келин ышкыбоздорго да барууга уруксат берилди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. 10-ноябрда Иран баш калаасынын “Персеполис” жана жапониялык “Кашима Антлерс” клубдарынын беттешүүсү өткөн “Азади” стадионуна негизинен оюнчулардын жакындары, аялдар командасынын мүчөлөрү, футбол федерациясынын кызматкерлери барышты. Матч 0-0 эсебинде аяктады, бирок биринчи оюнда жапониялыктар уткандыктан, чемпиондук наам аларга тийди.

Реформачыл "Sazandegi" гезити баш бетине стадиондогу аял-ышкыбоздордун сүрөттөрүн чыгарып, “Азия Чемпиондор Лигасынын финалын ирандык аялдар жеңди” деп жазды.

Беттешүүгө катышкан ФИФАнын төрагасы Жанни Инфантино “бул – футбол үчүн тарыхый жана кубанычтуу күн болду, чыныгы бурулуштун күнү”, - деп билдирди.

Иранда 1979-жылкы Ислам революциясынан бери аялдарга стадиондорго барып футбол көрүүгө жол берилбейт. ФИФА бул чектөөнү алдыруунун үстүнөн иштеп келатат.

XS
SM
MD
LG