Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Саясий-коомдук күчтөрдүн курултайында саясат жана экономика талкууланат


Курултайды уюштуруу комитетинин мүчөсү Кадыр Кошалиев.
Курултайды уюштуруу комитетинин мүчөсү Кадыр Кошалиев.

Бишкекте ушул жылдын 24-ноябрында саясий-коомдук күчтөрдүн курултайы болот. Бул тууралуу курултайды уюштуруу комитетинин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев бүгүн, 13-ноябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

- Бүгүнкү күндө курултайга катышуу үчүн он партия арыз берди. 20дан ашык коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар билдирүү жиберишти. Дагы кайрылуулар түшүп атат. Биз алардын баарын 15-ноябрга чейин кабыл алабыз. Ар кандай сөз болбошу үчүн биз бийликтен да, оппозициядан да бир тыйын албадык. Албайбыз дагы. Курултайга катышып жаткан күчтөр өз ыктыяры менен каражат бөлүп атат. Курултайдын максаты - мамлекеттеги туруктуулукка, бакубат жашоого түрткү болуу, - деди ал.

Курултайды өткөрүү үчүн 18 адамдан турган уюштуруу комитети түзүлгөн. Ага Кеңешбек Дүйшөбаев, Макен Абылов, Чолпонбек Абыкеев, Айбек Алымжанов, Айбек Бузурманкулов, Элмира Ибраимова, Равшан Жээнбеков, Кадыр Кошалиев, Рита Карасартова, Токон Сатаров, Кубан Дүйшеев, Арслан Малиев, Асия Сасыкбаева, Перизат Суранова, Турсунбек Акун сыяктуу саясатчылар, активисттер жана коомдук ишмерлер кирген.

"Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" деп аталган курултайда өлкөдөгү саясий жана экономикалык абал талкууга алынат. (NT)

XS
SM
MD
LG