Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:04

Крым татарлары кысталышта курултай өткөрүштү


Крым татарларынын курултайы. 12-ноябрь, 2018-жыл.
Крым татарларынын курултайы. 12-ноябрь, 2018-жыл.

12-ноябрда Киевде крым татарларынын курултайы болду. Акыркы жолу мындай чоң жыйын 2013-жылы, жарым аралды Орусия аннексиялай электе өткөн. Ал эми орус бийлиги менен кызматташкан крым татарлары октябрдын соңунда Симферополдо альтернативалуу курултайга чогулушкан.

2014-жылы крым татарларынын көбү жарым аралдын аннексиясын колдошкон эмес. Ошондон бери көптөгөн активисттер куугунтукка кабылып келатышат. Ушундан улам алар курултайды Киевде өткөрүүгө аргасыз болушту.

Регламентке ылайык, жыйында крым татарларынын саясатын аныктаган 250 делегат шайланууга тийиш. Бирок крым татарларынын Межлисинин төрагасы, украин парламентинин депутаты Рефат Чубаровдун айтымында, көптөгөн делегаттар тоскоолдуктар түзүлгөндүктөн жарым аралдан чыга алышкан эмес.

Курултайдын шайлоо комиссиясынын башчысы Заир Смедляев былтыр делегаттар Украинага келип кетишкенден кийин орус бийлигинин кысымына туш болушканын ырастады.

Киевдеги иш-чарага чейин жарым аралдын өзүндө, Симферополь шаарында «альтернативалуу» курултайга жаңы бийликке жан тарткан крым татарлары чогулушкан. 27-октябрдагы жыйынга Крымдын Орусия дайындаган башчысы Сергей Аксенов да катышкан.

Межлистин төрагасынын орун басары Ахтем Чийгөз курултайды легитимсиз деп атады:

- Адамдарды кысымга алып чогултуу же орус бийлиги менен кызматташкан кишилердин жыйыны эң негизги нерсени чагылдырбайт. Аларда эл атынан сүйлөө мандаты жок. Биздин эл аларды шайлаган эмес.

Ал жыйында аннексияланган Крымдын башкы муфтийи Эмирали Аблаев кайра шайланган. Аны буга чейин орусиячыл позициясы үчүн Крым татар элинин межлисинен чыгарып салышкан.

Илми Умеров.
Илми Умеров.

- Тилекке каршы, Крымдын азыркы муфтияты Орусиянын Крымдагы бийлигине 100 пайыз баш ийет. Муфтий жана анын бүтүндөй түзүмүн баскынчылар менен кызматташкан түзүм деп эсептейбиз. Биз үчүн алар чыккынчылар, - деди Межлистин төрагасынын дагы бир орун басары Илми Умеров.

Межлис Аблаевдин муфтийликке шайланышын легитимсиз деп, Киевде Крым мусулмандарынын дин башкармалыгын түздү. Эки жылдан бери аны Айдер Рустамов жетектеп келатат.

Крым татарларынын лидери Мустафа Жемилев жарым аралдын орус бийлиги менен кызматташкан, «өз элин жана мамлекетин саткан» айрым адамдарын Межлистен чыгаруу боюнча сунуш түшкөнүн айтты. “Муну чечиш үчүн кворум керек, бирок 100дөй гана делегат чогулгандыктан, маселени колго сала албайбыз”, - деди Жемилев.

Крым татарларынын биринчи курултайы 1917-жылдын ноябрында шайланган. Ал өз ишин 1991-жылы, сталиндик репрессияларга кабылган крым татарлары жарым аралга кайтып келе баштаганда жандандырган. Украинада курултай крым татарларынын жогорку өкүлчүлүк органы катары таанылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG