Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 05:43

Туск Брексит келишимин жактырууга чакырды


Европа кеңешинин президенти Брюсселдеги саммитте сүйлөп жатат. 29-июнь, 2018-жыл.

Еврокеңештин президенти Дональд Туск шаркеттин курамындагы мамлекеттердин лидерлерин 25-ноябрда өтө турган саммитте Брексит (Британиянын Евробиримдиктен чыгышы) келишиминин долбоорун жактырууга чакырды.

14-ноябрдын кечинде Британиянын премьер-министри Тереза Мэй жана Евробиримдиктин ушул боюнча жооптуу адиси Мишел Барнье 585 барактан турган долбоорду министрлер кабинети жактырганын жарыялашкан. Эми бул келишим долбоорун британ парламенти 2019-жылдын мартына чейин жактырышы керек.

Айрым саясатчылар бул келишимди сындап, Британия бөлүнгөндөн кийин деле Евробиримдик менен тыгыз байланышта калып, анын эрежелерине баш ийип каларын айтып чыгышты.

Лондондо Евробиримдиктен чыгуу же шаркетте калуу тууралуу референдум 2016-жылдын 23-июнунда өткөрүлгөн. Добуш бергендердин 51,9 пайызы Брекситти колдошкон.

Шейшемби Брексит боюнча чечим чыгаруунун акыркы күнү болчу. Британия Евробиримдиктен 2019-жылдын март айында чыгышы керек.

XS
SM
MD
LG