Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:18

"Өзбекстан 24" каналынын алып баруучусу цензура бар экенин айтты


Мавжуда Мирзаева.
Мавжуда Мирзаева.

“Өзбекстан 24” телеканалынын алып баруучусу Мавжуда Мирзаева мамлекеттик каналдын иши тууралуу айтып, анда цензура бар экенин билдирди:

– Тилекке каршы, өзбек телекөрсөтүүсүндө өтө катуу цензура бар. Биз эски система боюнча иштеп жатабыз, эч нерсени өзгөртүү мүмкүн эмес. Президент ыкчам иштөөнү талап кылууда, бирок даярдалган материалдарды бир нече киши текшерет. Эгер алар башка иштер менен алек болуп, бошобой калышса, материалдар актуалдуулугун жоготуп коёт. Биз сөз эркиндиги тууралуу айтып жатабыз, бирок цензура дагы эле бар.

Алып баруучу көп учурда бурмаланган маалыматтар берилерин ырастады:

– Маселен, эгер инвестор кыйынчылыктар бар экенин жана алар чечилип жатканын билдирсе, биз аны “Мен Өзбекстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларга суктанып жатам” деп которобуз. Бул калп эмеспи? Эл муну билбейт дейсизби? Эл Интернет жана башка ресурстарга баам салып турат. Адамдар жалган айтып жатканыбызды билет жана каналды шылдың кылышат.

Журналист бул билдирүүлөрү үчүн иштен алынышы мүмкүн экенин, бирок көрүүчүлөр алдында өзүн күнөөлүү сезгиче, жумуштан бошонуп кеткени артык экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG