Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:01

Масалиев Атамбаевдин маегин "жүйөсүз интервью" деп сыпаттады


Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин "Апрель" телеканалы менен болгон маегин "жүйөсүз интервью" деп сыпаттады.

- Тескерисинче, ал мурунку президент менен азыркы президенттин тирешин күчөттү, - деди депутат.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 19-ноябрда "Апрель ТВ" каналына маек куруп, азыркы бийликти "Бакиевдин жолуна түштү" деп айыптады. Буга президент Сооронбай Жээнбековдун командасы жана президенттин аппараты азырынча комментарий бере элек.

Атамбаев ошондой эле Өмүрбек Текебаевдин камалышы жана журналисттер менен соттошуу жаатындагы суроолорго да жооп берип, "андай кылбасам деле болмок" деген таризде жооп берди. (SE)

XS
SM
MD
LG