Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:14

Бишкекте дирижер Султан Юсупов эскерилет


Султан Юсупов.
Султан Юсупов.

Бишкекте хор дирижеру, педагог, Кыргыз ССРнин эл артисти Султан Юсуповдун 100 жылдыгына карата эскерүү концерти болот.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлагандай 23-24-ноябрдагы концерт Юсуповдун эмгектеринин негизинде сахналаштырылат. Аны Кыргыз улуттук академиялык театры өткөрөт.

Султан Юсупов - кыргыз театрынын өнүгүүсүнө үлкөн салым кошкон маданият ишмери. Ал "Айчүрөк", "Манас" жана башка ондогон опералардын хорлорун даярдаган. Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда, Кыз-келиндердин педагогикалык институтунда иштеген.

XS
SM
MD
LG