Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:32

Евробиримдик-Британия: келечектин камылгасы


Британиянын премьер-министри Тереза Мэй жана Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск. 19-октябрь, 2018-жыл.
Британиянын премьер-министри Тереза Мэй жана Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск. 19-октябрь, 2018-жыл.

Евробиримдик менен Британия келечектеги алакасын жөндөгөн саясий декларация боюнча макулдашууга жетишти. Аталган документ Брекситтен кийинки эки тараптын соода, коопсуздук жана башка тармактардагы кызматташуусу кандай жүрө турганын көрсөтөт.

Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск бейшембиде саясий декларацияны биримдикке мүчө 27 мамлекеттин бийликтерине жөнөткөнүн "Твиттердеги" баракчасына жазды.

Еврокомиссиядан ырасташкандай, документтин тексти жогорку саясий деңгээлде макулдашылды.

Өз кезегинде Германиянын канцлери Ангела Меркел бул макулдашуу кабыл алынышы үчүн бардык аракетти көрө турганын белгиледи. Ошол эле маалда ал документ Британиянын өзүндө колдоо таппай калабы деген кооптонуусун да жашырган жок.

Ал эми Британиянын премьер-министри Тереза Мэй журналисттер менен баарлашып жатып декларация Бириккен падышалык үчүн ыңгайлуу жана туура экенин белгиледи.

Мэй документ 2016-жылы өткөн референдумда калктын 52% тандаган талаптарга жооп берет деген ишенимде.

- Бул Британия үчүн туура келишим. Референдумдун жыйынтыгына туура келет. Биздин чек араларыбызга, биздин мыйзамдарга өзүбүз көзөмөл жүргүзүүгө жол ачат. Документ биздин жумуш орундарыбызды, акчабызды, Бириккен Падышалыктын бүтүндүгүн жана коопсуздугубузду да коргойт. Азырынча Британия менен Еврокеңеш жетишкен декларацияны Евробиримдикке мүчө 27 мамлекет жекшембиде өтө турган биримдиктин атайын жыйынын утурлай карап чыгышы керек, - деди Тереза Мэй.

Британиянын премьер-министри Тереза Мей парламентте сүйлөп жатат. 22-ноябрь, 2018-жыл.
Британиянын премьер-министри Тереза Мей парламентте сүйлөп жатат. 22-ноябрь, 2018-жыл.

​Британия Евробиримдиктен кийинки жылдын 29-мартында бөлүнүшү абзел. Тереза Мэйдин айтымында, Брюссел менен макулдашуу дээрлик токсон беш пайызга даяр.

Брекситтин мындай жумшак эмес, катаал вариантын жактагандар падышалыктын шаркеттен акырындап эмес, дароо бөлүнүшүн талап кылып келет. Долбоордун акыркы варианты британ парламентинен колдоо табышы керек.

Эгер мыйзам чыгаруучулар жактырса, документ боюнча соңку добуш берүү ушул жылдын декабрь айында жүргүзүлөт.

Премьер-министр бул саясий декларацияны чоң ийгилик деп атады. Ал бейшемби күнү кечинде парламентте сүйлөп жатып, Брюссел буга чейин бир да өнүккөн өлкө менен мындай келишим түзбөгөнүн кошумчалады.

- Биз келишкен документтин тексти Евробиримдик менен салыксыз эркин соода жүргүзүү боюнча жаңы зона түзүүгө жол ачат, - деди Мэй.

Ошол эле маалда Лейбористтик партиянын башчысы Жереми Корбин Британия менен шаркет ортосунда жетишилген саясий декларацияны сынга алып, анын фракциясы бул документти колдобой турганын айтты.

Евробиримдик менен Британиянын туулары.
Евробиримдик менен Британиянын туулары.

Эки тарап ортосунда бир жума мурда келишилген Британиянын Евробиримдиктен бөлүнүү шартын караган Брексит долбоорунан айырмаланып, Брюссел менен Лондондун ортосундагы болочок алакаларды жөндөгөн документ юридикалык түрдө милдеттендире турган күчкө ээ эмес.

Эки келишим тең Евробиримдиктин жекшембиде өтө турган саммитинде шаркетке мүчө мамлекеттердин лидерлери тарабынан бекемделиши керек. Азырынча бул макулдашууларды британ парламенти колдору же колдобору белгисиз. Макулдашууга каршы экенин бир эле оппозиция эмес, Консервативдик партиянын да айрым мүчөлөрү билдиришти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG