Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:08

Украинада аскердик абал киргизүү маселеси каралат


Орусиянын Киевдеги элчилигинде өтүп жаткан нааразылык акциялары.
Орусиянын Киевдеги элчилигинде өтүп жаткан нааразылык акциялары.

Украинанын Жогорку Радасы Кара деңиздеги үч аскердик украин кемесин Орусия камакка алышына жооп чара катары өлкөдө аскердик абал киргизүү маселесин дүйшөмбү күнү карайт. Киев муну "агрессиялык акт" катары баалап жатат.

Жогорку Радага кайрылуу боюнча чечим Улуттук коргонуу жана коопсуздук кеңешинин өлкө президенти Петро Порошенконун төрагалыгы менен дүйшөмбүгө караган түнү өткөн кеңешмесинде кабыл алынган.

Порошенконун айтымында, өлкөнүн бардык аймагында аскердик абал киргизүү “чабуулдук эмес, коргонуу мүнөзүндө” жүрөт. Азырынча жалпы мобилизация карала элек.

Улуттук коргонуу жана коопсуздук кеңешинин катчысы Александр Турчиновдун сөзүнө караганда, аскердик абал 60 күнгө киргизилет. Украинанын мыйзамдарына ылайык, аскердик абал учурунда бир катар укуктарга жана эркиндиктерге чектөө каралат.

Мурдараак украин аскерлери үч кемеси Керч кысыгында курал колдонуу аркылуу тартылып алынганын билдиришкен. Алты украин суучулу жарадар болгон. Үч кемеде жалпы 23 суучул болгон деп белгиленип жатат.

Орусиянын ФСБсы Украинанын үч кемеси жекшемби күнү Орусиянын чек арасын бузганын жана Кара деңизде кармалганын белгилеп, аларды токтотуу үчүн курал колдонулганын айтууда.

Кемелер Одессадан Мариуполго баратышкан. Орусиянын Киевдеги элчилигинин жанында нааразылык акциялары өтүп жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG