Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:56

Украин армиясы күжүрмөн даярдыкка келтирилди


Керч портунда токтотулган украин кемелери. 26-ноябрь, 2018-жыл.
Керч портунда токтотулган украин кемелери. 26-ноябрь, 2018-жыл.

Украинанын Куралдуу күчтөрү толук күжүрмөн даярдыкта турат. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Керч кысыгында кырдаал курчугандыктан мындай буйрук өлкөнүн Коопсуздук кызматынын ички курамына дагы берилди.

Буга чейин Киев Керч кысыгында Украинанын Аскер-деңиз күчтөрүнүн үч кемеси күч менен колго түшүрүлгөнүн билдирген. Анда алты украин моряк жарадар болду.

Москва украиналык кемелер Орусиянын аймагын бузуп киргендиктен Кара деңизде кармалганын, ал үчүн курал колдонулганын ырастаган. Украина Орусиянын бул аракетин “агрессия” деп баалады.

Бүгүн Украинанын Жогорку Радасы өлкөгө аскердик абал киргизүүнү карайт. Ага чейин мындай чечимди өлкөнүн Улуттук коопсуздук кеңеши кабыл алган.

26-ноябрда БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйыны чакырылды. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмундагы АКШнын өкүлү Никки Хейли билдирди.

НАТО менен Евробиримдик Орусия менен Украинаны сабырдуулукка үндөдү.

Жекшемби күнү Кара деңиз менен Азов деңизин байланыштырган Керч кысыгында Украина менен Орусиянын деңиз флотторунун ортосунда жаңжал чыкты.

Москва менен Киевдин ортосундагы 2003-жылкы келишимге ылайык, Керч кысыгы менен Азов деңизин эки тарап бирдей укукта колдоно алышмак.

XS
SM
MD
LG