Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:41

Прокуратура: "Белизгейт" ишинен "жашыруун" грифти алып салуу сунушталды


"Белизден келди" деген документтер.
"Белизден келди" деген документтер.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге кылмыш ишин козгоого негиз катары келтирилген "Белизгейт" иши бир жаңсыл чечиле элек. Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Наргиза Куватова билдиргендей, ал жашыруун иликтенчү иштердин катарына киргендиктен, комментарий берүүгө маалыматтар жетишсиз.

- Кечээ (27-ноябрда) өткөн жабык жыйында депутаттар маселе көтөрүп, эки жуманын ичинде “Белизгейт” ишинин материалдарынан "жашыруун" деген грифти алып, ачык иликтенчү иштердин катарына кошууну сурашыптыр. Эки жума ичинде бул маселе чечилиши керек. Грифти УКМК койгон, ошондуктан прокуратура комментарий да бере албайт. Менде тийиштүү маалыматтарды алганга мүмкүнчүлүк жок болгондуктан, Башкы прокуратура Сегизбаевге кылмыш ишин козгоодон баш тарттыбы же жокпу, азыр айта албайбыз, - деди Наргиза Куватова.

Башкы прокуратура Абдил Сегизбаевге кылмыш ишин козгоодон баш тартканы тууралуу 27-ноябрда “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкка” билдирген.

2016-жылы Сегизбаев айрым депутаттар 2012-жылы “Альфа Телекомдун” мамлекетке өткөрүлбөгөн 50% акциясын сатууга аракет кылгандыгы Белиз өлкөсүнөн келген документтерде көрсөтүлгөнүн айтып чыккан. Ал документтерге Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматовдун аты-жөнү жазылганын кабарлаган.

Быйыл 19-сентябрда бул маселе Жогорку Кеңеште талкууланып, УКМКнын азыркы жетекчилиги андай документтерди таба албай жатканын айткан. Депутат Исхак Масалиев Сегизбаев "парламентке келип туура эмес маалымат бергени үчүн тез арада жоопко тартылышы керек" деген оюн билдирген.

Башкы прокуратура токтоп калган териштирүүнү улантып, укуктук баа берүүнү көздөп жатканын маалымдаган.

15-сентябрда “Азаттыктын” кабарчысы Сегизбаевдин өзү менен байланышканда ал “биз 2016-жылы ошол маселени көтөрүп чыкканыбыз абдан туура болуптур. Мен элдин алдында тазамын” деген. (SE)

Гриф* - жашыруун маалыматтардын системалык классификациясы.

XS
SM
MD
LG