Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:44

Назарбаев: кичине күнөө кылгандарды акча менен жазалаш керек


Алматыдагы аялдар түрмөсү. 2015-жылы тартылган сүрөт.
Алматыдагы аялдар түрмөсү. 2015-жылы тартылган сүрөт.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматы кабарлагандай, президент Нурсултан Назарбаев бүгүнкү жарандык форумда күнөө же кылмыш кылгандар үчүн түрмөгө кесүүнү азайтуу зарыл экенин билдирди.

Казак президентинин айтымында, оор эмес кылмыш кылгандарды түрмөгө олтургузбастан, акча менен жазалаш керек.

“Бир аз күнөө кылгандарды акча менен жазалаш керек. Биз мыйзамды өзгөрттүк, бул түрмөдөгүлөрдү азайтты. Бул ишти улантыш керек”, - деген Назарбаев абактарда “экстремисттер менен террорчуларды” башкалардан бөлүү кароо зарыл экенин да белгиледи.

Расмий маалыматка караганда, 1991-жылдан бери Казакстанда камактагылардын саны 44% азайып, 58 миңден 32,5 миңдин тегерегине түшкөн.

Казактандын бийлиги абактагылардын саны азыр “кыйла” азайды деп билдиргени менен “Эл аралык түрмө реформасы” деген уюм буга макул эмес.

Уюмдун эсебинде, 2018-жылкы көрсөткүч боюнча Казакстан түрмө калкынын саны боюнча 220 мамлекет ичинен 48-орунду ээлеп, Түркмөнстан, Чили, Беларус, Танзания өлкөлөрүнүн катарында болду. (UE)

XS
SM
MD
LG