Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:55

Кургак учук менен ооругандардын жатаканасы жабылуу алдында турат


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

2016-жылы Бишкекте кургак учук менен ооруган үй-жайсыз адамдар үчүн ачылган социалдык жатакана жабылуу коркунучунда экенин Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.

Ачылгандан бери бул жайда 78 адам жашаган, азыр анда үй-жайсыз калган 32 киши байырлоодо. Жатаканада ысык тамак берилип, бейтаптарга убагында дарылоо ишке ашып турган.

Бул жайды ачкандар Бишкек мэриясына кайрылып, жатакананы сактап калууну суранып жатышат. Азырынча шаар бийлиги буга жооп бере электигин аталган министрликтин өкүлдөрү билдиришти. (BCh)

XS
SM
MD
LG