Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Элди соргон "мите" компаниялар көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда акыркы мезгилде тармактык сооданын түрлөрү эсепсиз көбөйүп жатат. Мунун себебин адистер тез баюну көздөгөн психология, ошондой эле жумушсуздук менен түшүндүрүшөт.

Ош

Ошто “аз эле акча менен кыска убакыт ичинде байып кетесиң” деген бал сөзгө алдангандар арбын. Ош облустук сотунда учурда “Драгонс” деп аталган фирманын иши каралып жатат. Бул уюмду негиздегендер шаар тургундарынан баш-аягы 300 миңдей доллар топтоп алган.

- Эгер сиз миң доллар акча салсаңыз, 65 күндө жети миң доллар болот дешкен. Мен миң доллар салып, 65 күндүн өтүшүн күткөм. Бирок бир тыйын алган жокмун. Айрымдар үйүн сатып, насыя алып беришкен. Аялы күйөөсүнөн, күйөөсү аялынан жашырып “Драгонско” акча салган. Алардын баары алданды, далай үй-бүлө бузулду. Айрымдарынын ден соолугу начарлап, кайтыш болуп кетти, - деди эки жыл мурда каржылык уюмга алданган аялдардын бири.

Аты-жөнүн жашырган бул келиндин апасы да аталган уюмга 17 миң долларын карматып куржалак калган. Эне “Драгонско” мигрант баласы жөнөткөн акчаны салганын айтып берди:

- Мен 336 миң сом акча салгам. Балдарым Орусияда иштеп, үй алабыз деп топтоп жаткан акча эле. Ошол балдарымдын акчасы көбөйүп калсын деген тилек менен “Драгонско” салгам. Ушунун айынан балдарым менен жүз караша албай жүрөм.

​“Драгонско” акчасын алдаткан аялдар атын ачык айтуудан уялат. Алардын дагы бири оорукчан кызынын дарылануу үчүн чогулткан 300 миңден ашык сомун ушул фирмага алдатып жибергенин айтты:

- "Акчаңызды көбөйтүп беребиз, кызыңыздын дарысына жетсин" деп Жылдыз аттуу келин баласы менен келип, үгүттөгөн. Акча көбөймөк турсун ошол бойдон жок болду. Азыр кызымды “ана тийип калат, мына тийип калат” деп алдап отурам. Өзүмдүн да үмүтүм үзүлдү.

“Драгонсту” Кыргызстанда негиздеп, миңдеген адамдардын акчасын топтоп алган төрт жаран кармалган. Аларды Ош шаардык соту төрт жылдан 25 жылга чейин соттогон.

- Бул иш боюнча Ош шаардык соту 2018-жылдын 6-ноябрында өкүм чыгарган. Айыпталуучулардын бири 13 жылга, экинчиси 25 жылга, үчүнчүсү 2,5 жылга, төртүнчүсү 4,5 жылга кесилген. Жабырлануучуларга келтирилген зыян айыпталуучулардын эсебинен өндүрүлөрү айтылган. Айыпталуучулар Ош шаардык сотунун бул өкүмүнө макул болбой, облустук сотко апелляциялык арыз беришкен. Учурда иш каралып жатат, - деди Ош облустук сотунун маалымат катчысы Бекзат Осмонов.

Буга чейин Кызыл-Кыя шаарында да каржы пирамидалары бир учурда ачылып, шаар калкын тоноп кеткенге үлгүргөн. Анда чыныгы уюштуруучулар качып кетип, аткаруучулар гана соттолгон эле. Андан кийин Ошто “Зекет” аттуу фонд ачылып, ал дагы элден миң сомдон топтоп алып куйругун карматпай кеткен. Уюштуруучулар жазага тартылган эмес.

Талас

Чакан облуста "Голден Драгонс" деп аталган компания пайда болуп, бир канча адамды сызга отургузган. Бирок анын онго жакыны гана милицияга кайрылып, кылмыш иши козголгон. Учурда облуста «Сейф бизнес» деп аталган дагы бир тор соодасы пайда болду.

Таластын борбордук базарында косметика саткан Асел Турдубекова «Сейф бизнес» же «Коопсуз бизнес» деп аталган фирмада иштеп жаткандардын бири.

Талас шаарындагы базар.
Талас шаарындагы базар.

- “Сейф бизнеске” киргениме жети ай болду. Биз команда болуп иштейбиз. Артыбызга эки киши жазабыз. Алар 16 миң сом менен кирет. Анын миң сому каттоого кетет. 15 миң сомго өзүнө керектүү буюмдарды, тагыраагы, порошок, самын сыяктуу косметикалык каражаттарды алат. Жума сайын төрт миң сом каражат табат. Командаңыз канчалык көп болсо, киреше да ошончо көбөйөт. Мен жети айдын ичинде бир комнаталуу квартиранын акчасын таптым, - деди Асел.

Аселдин командасында азыр 800 адам бар. Ал эми Талас облусу боюнча бул фирмага катталгандардын саны 2 миңден ашат. Турдубекованын айтымында, компанияны Бишкек шаарынын тургуну негиздеген.

Буга чейин "Голден Драгонс" деп аталган компания Таластагы бир топ адамдын акчасын шыпырып кеткен. Талас районунун тургуну Адеми Абдыбекова кайнежеси ушул компанияга кантип алданганын айтып берди:

- Алгач 200 миң сом, андан кийин кайнимдин машинасын саттырып, дагы 200 миң сом салды. Кайнежемди бул бизнеске досу чакырган. Ал досу артынан адамдарды киргизип жатып үйүн жаркыратып оңдоп алган. Башкаларды “силерге да мынча акча түшөт” деп алдай берген. Азыр 2-класстагы окуган баласына чейин машина алып берип койду. Бирок элдин акчасын бербей жатат. Кайнежем да ала албай жатат.

​"Голден Драгонс" аттуу компаниядан жабыр тарткандардын ичинен тогуз адам милицияга кайрылган. Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Динара Сарногоева бул боюнча кылмыш иши козголуп, бир адам үй камагына алынганын айтты:

- Талас облустук ички иштер башкармалыгына 2018-жылдын башынан бери тогуз адам арыз менен кайрылган. Алар «Голден Драгонс» аттуу фирмага кирип, ири өлчөмдөгү акчасын алдатып жибергенин билдиришкен. Аталган факты боюнча 166-берене менен кылмыш иши козголуп, материалдык чыгым 966 миң 500 сомду түзгөн.

Расмий эмес маалыматтар боюнча облустагы миңдей адам ушул компанияга ири өлчөмдөгү акча салып, кайра ала албай калган.

Нарын

Нарында “Барс kg” аттуу уюм “15 миң сом берсеңиз, 50 миң долларга чейин пайызы жок насыя аласыз” деп далайды алдап кеткен.

Нарын шаарынын тургуну Элиза Сагыналиева бул уюмга бир жыл мурда 15 миң сом берген. Ошондон бери акчасын ала албай келет.

- Акимчиликте, УКМК ж.б. аттуу-баштуу мекемелерде иштегендер да кириптир. Медиктер, мугалимдер жүрөт, кыскасы кирбеген киши калбаптыр. Базарда соода кылгандардын 70 пайызы акчасын берген. “3 млн. сом аласыңар, аны бир жылга беребиз, алты ай бекер колдоносуңар, андан кийин пайызы жок төлөй баштайсыңар” деп айтышкан. Азыр дагы элден 20 миң сомдон чогултуп каттап жатышат.

Нарын.
Нарын.

​​Элизанын айтымында, бул уюмга акчасын бергендердин саны миңден ашык.

Аймакта мындай куру убада менен байыткан бир нече фирма бар. Алсак, Нарын шаарынын тургуну Гүлнура Каракунова “Евро” аттуу уюмга алданган.

Адегенде жолдошунун автоунаасын сатып, андан кийин банктан 200 миң сом насыя алып берген Гүлнура азыр жер муштап отурат.

- Беш ай берип турду. Алтынчы айга келгенде банкка которобуз, карточка менен аласыңар дешти. Андан бери эки ай өттү. Дагы бир ай күтүп, болбосо сотко берели деп жатабыз. Элди жөн эле алдап жатканын уктук. Банкрот болушуптур. Бизди каттаган кыз Нарында эле жашайт. Менин угушумча, ал ошол уюмдун ээсинин карындашы окшойт. Эки кабат үй салып алышты. Анан кантип элден алган акчаны беришмек эле?

​Ал эми бул уюмдун өкүлдөрү “Азаттыктын” суроолоруна жооп берүүдөн баш тартышты. “Евронун” Элзат аттуу өкүлү буйрук Бишкек шаарынан келерин, ал жөн гана аткаруучу экенин белгиледи. Бирок ошол эле убакта жетекчилеринин аты-жөнүн айтууну каалаган жок.

- Мен эч нерсе деп айта албайм. Түшүнүгүм да жок. Бишкектеги офиске кайрылгыла. Азыр мен эч нерсе деп жооп бере албайм.

Бул каржы пирамидаларынан сырткары Нарында “Сейф бизнес”, “Саттылык” сыяктуу уюмдар да активдүү иш алып барышат.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан “Азаттыкка” мындай уюмдарга алдангандардан расмий арыз түшпөгөнүн маалымдашты.

Ысык-Көл

Жети-Өгүз районунун жоон топ тургундары түйүндүк соода менен алектенген компанияга каражаттарын алдатып жиберишти.

Алардын көпчүлүгү бул соода түйүнүнө насыя алып, мал-мүлкүн сатып акча салышкан.

Боз-Бешик айылынын тургуну, пенсионер Кымка Сүйүмбаева “Саттылык” аттуу түйүндүк соода компаниясына кантип алданып калганын айтып берди:

- "Караколго ушундай бир долбоор келди" десе, "эл аралык уюм окшойт" деп барганбыз. Укмуш семинар болду. Ысык-Көл облусунан көп аял барган экен. Уюштургандар Таластан келиптир. Анан бизге чийип эле көрсөтө башташты, "адегенде бир киши, анан эки киши, мына мындай кылып бересиңер" деп. "Акчаны бир эле тегереткенде мынчадан акча алып каласыңар" деп байытып салды. Аны түшүндүргөндөн кийин бизге айылга да келишти.

Кымка Сүйүмбаеванын айтымына караганда, мүчөлүк акы катары салган каражатын эселеп көбөйтүү боюнча ушундай эле семинар кийинчерээк Боз-Бешик айылында да өткөн. Ал жерде ишти уюштурууга эки келин шайланган. Алар үймө-үй элди үгүттөп бир тобун ушул түйүндүк соодага киргизген. Алардын арасында Кымка апанын тууган-туушкандары, куда-сөөк, жек-жааты да бар.

Ысык-Көл.
Ысык-Көл.

- Өзүбүздүн айылдагы тууган-туушкандарды да киргизгенбиз, - дейт ал. - Азыр баары "Акчаны качан бересиңер?" деп моюнга минип отурат. Анча-мынчасы алып калды. Үйдөн үчөөбүз кирген элек - кызым, уулум жана мен. 11 миңден ашыгыраак акча чыгарып, 35 миң сом бергенбиз. Анан ошону адегенде бир алдык. Андан кийин балдарыбызга да салганбыз, алардан эч ким эч нерсе албай калды. Сиңдилериме, туугандарымдан он чакты кишиге, куда-сөөктөргө да айтканбыз. Азыр эми шерменде болуп отурабыз. Болгондо да эжемдин майып баласы бир тыйын албай калды. Мындай окуя айылдын ичинде толтура.

Чынжырча түрүндө катталып, тарам-тарам болуп жайылып кеткен бул бизнесте пайданы алгачкы катталгандар гана көрүп, атүгүл чет өлкөлөрдө да эс алып келген. Кийинкилери пайда көрмөк тургай өз каражаттарынан куржалак калган.

“Саттылык” аттуу соода түйүндөрүнө Саруу айылынан жоон топ киши кирген. Арасында мугалимдер да бар. Андай мугалимдердин бири Асел Жумабаева алгачкылардан болуп катталганы үчүн 270 миң сом пайда көргөнгө жетишип калган.

Макаланын аудиосун бул жерден уга аласыз:

Алдамчы компанияларды ким тыят? (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:53 0:00
Түз линк

Бирок, бул пайда Аселдин өзүнө айгак болгон. Кирешесиз калгандардын басымынын айынан микроинсульт да алган. Анын айтымында, бул каржы пирамидасы карапайым элди каражатынан эле ажыратпай, айыл ичинде да уруш-талашты көбөйтүп жатат.

- 270 миң сомдон алган кишилердин баарын чогулткам, - дейт Асел. - "16 кишинин акчасын төлөп берели" дедим. Баары тең баш тартып коюшту. "Биз аны бере албайбыз, коротуп салдык" дешти. Мен алган акчамды төлөп бердим жана насыя алып ушуга чейин төлөп келем. 270 миң сомду алгандар төлөп берип койсо эле Саруу айылы тынчымак.

Кызыгы, бул шектүү бизнеске Жети-Өгүз районунун акими Калысбек Жудеевдин аялы, райондук салык кызматынын бухгалтери Бурулкан Асаналиева да кирген. Бул өз кезегинде Ысык-Көл облустук коллегиясында акимдин жоопкерчилигине байланышкан маселенин каралышын шарттап, натыйжада Бурулкан Асаналиева Мамлекеттик салык кызматындагы бухгалтердик ишинен бошотулган. Бул маселеге байланыштуу анын өзүнүн пикирин угууга мүмкүн болгон жок.​

Бишкек

Борбор калаанын тургуну Гүлнаранын эки уулу бар. Ал тармактык компанияларга адатта балдарына витамин, дары-дармек алуу үчүн кайрылып келет:

- Мен бир орусиялык компанияга 5 миң сом төлөп жазылгам. Алардын товарын балдарыма ичирейин деп ойлогом. Барсам, мага иш сунушташты. "Эгер иштеп, башкаларга да продукция сатсаң, товарды 25 пайызга чейин арзан беребиз" дешти. Үй-бүлөбүз менен алардын дары-дармегин ичип көрдүк. Эч кандай натыйжа бербеди, кайра аллергия кылды. Ошондон кийин бул компанияга кайрылган жокмун. Башкаларга да сунуштагым келбеди.

Гүлнара "торчулардан" оңой кутулганын, ошентсе да короткон 5 миң сомуна ичи ачышарын жашырбады.

Кыргызстанда сулуулук, БАК, боёк ж.б. саткан бул компаниялар Салык кызматынан патент алып иштешет.

Иллюстрация
Иллюстрация

Юстиция министрлиги аларга уруксат кагазын бергени менен андан кийинки ишмердигине кийлигишпейт.

Казакстандагы атактуу "Саттылык" компаниясынан жабыркагандар тууралуу быйыл жайда Eurasinet басылмасы жазган. Бул компания азыр деле Кыргызстан, Өзбекстандын аймактарында иш алып барып жатканына өзүбүз телефон чалып, күбө болдук. Компаниянын менеджермин деп өзүн тааныштырган аял бизнестин схемасын айтып берди:

- Биздин компаниянын башкы талабы, эки адамды өзү менен кошо алып келүү. Кээ бирлер артынан киши киргизе албасын айтышат. Анда тармак кыймылдабайт да. Сөзсүз, киши табуу керек. Кимдир бирөө сиздин тармакка кошулгусу келсе, анын башка дагы эки кишини алып келүүгө мүмкүнчүлүгү барбы же жокпу жакшылап текшерип алыңыз. Кимдир бирөө бул бизнести жакшы алып кетет, айрымдар такыр кыймылдай албайт. Андыктан, өнөктөштү каттаардан мурда анын башкаларды тарта алуу жөндөмүн бир нече ирет текшерүү зарыл.


Азырынча Кыргызстанда "желе" компаниялардын кайсынысы ишенимдүү же шылуун экенин аныктаган атайын мамлекеттик орган жок. Алар жеке ишкер катары каалаган багытта иш алып барышат. Юридикалык жактан бул компанияларга эч кандай чектөө жок.

Мындай учурда алданып калган атуулдарга жардам берүү кыйын экенин "Вигенс" укуктук борборунун юристи Владимир Плужник билдирди:

- Кылмыш-жаза кодексинде мындай ишмердикке эч кандай жаза каралган эмес. "Жабырлануучу" болуп калбаш үчүн юридикалык кеңешибиз, сөзсүз, компания сунуш кылган келишимди дыкаттык менен окуп чыгыш керек. Эгерде келишим жок болсо, анда оозеки түрдө да макулдашып алып, алар менен кызматташпоо керек. Бизге тармактык компанияга акчасын алдырып ийгендер кайрылып эле турушат. Бирок алар кол койгон келишим Кыргызстандагы Жарандык кодекске толук шайкеш келгендиктен эс кандай жардам бере албайбыз.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат кайсы бир компаниядан жабыргандардан көп арыз түшкөн учурда гана иликтөө жүргүзөт. Бул үчүн атайын телефондо 1955 номурундагы линия да бар.

Аталган кызматтын басма сөз катчысы Анастасия Пискур эгер ушундай шылуундардан жабыр тарткандар болсо, Каржы полициясына кайрылууну эскертти.

Желе соодасынын торуна чырмалууга атуулдардын ишенчээктиги эле эмес, жумушсуздук, социалдык оор кырдаал, ошондой эле тез байып кетүү кыялы түрткү болорун психолог Ильдар Акбутин белгиледи:

Ильдар Акбутин.
Ильдар Акбутин.

- Эл муну өтө жеңил бизнес деп түшүнөт, эптеп келишимге кол койсом эле акча агып баштайт деп ишенип алышат. Бирок бул жөн гана иллюзия. Мен тармактык бизнес кылган бир нече компаниянын иш планын изилдеп чыктым. Чындыгында бул ишти аткаруу үчүн суудан кургак чыгарган жөндөм жана каражат керек. Жөнөкөй, чынчыл кишинин колунан келбеген иш.

Тармактык маркетинг түшүнүгү 1945-жылы АКШда ишкер Ли Майтингер менен Уильям Кэсселбери «Nutrilite Products» компаниясынын улуттук таркатуучусу болуп дайындалгандан кийин башталган. Бизнестин бул түрү Орусияга 1990-жылдары келип, андан Кыргызстанга да жеткен. Түштүк Корея, Кытай жана АКШда маркетингдин бул түрүн чектеген айрым мыйзамдар бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG