Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:26

Президенттик фонддон майыптарга 5 млн. сом бөлүндү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды колдоо максатында президенттин резервдик фондунан 5 млн. сом каражат бөлдү. Буга байланыштуу буйрукка мамлекет башчы 3-декабрда кол койду. Анда социалдык стационардык мекемелерге материалдык жардам көрсөтүү үчүн Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине жана Билим берүү жана илим министрлигине 2 500 000 сомдон каражат бөлүнгөнү жазылган. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча ушу тапта Кыргызстанда 181 миңден ашуун майып адам каттоого алынган. Анын 29 миңден көбү 18 жашка чейинкилер. Буга чейин өлкөдө 177 миң майып адам бар экени, анын 29 миңи балдар экени айтылып келген.

Майыптардын эл аралык күнү жыл сайын 3-декабрда белгиленет. Кыргызстанда бул күндү утурлай мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо максатында жер-жерлерде иш-чаралар өткөрүлөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG