Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:06

Өкмөт Бизнес-акыйкатчы институтун түзүү механизмдерин талкуулады


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстанда Бизнес-акыйкатчы институтун түзүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты кабарлады.

Жыйында бул институт мамлекеттик эмес түзүм жана өз алдынча мекеме болоору белгиленип, аны уюштуруунун жол-жоболору каралды. Абылгазиев Бизнес-акыйкатчы бизнестин кызыкчылыгын коргоочу жана ишкерлердин маселелерин көтөрүп чыгуучу, бизнести колдоого алуунун бирден-бир натыйжалуу механизми катары кызмат кылаарын белгиледи.

Экономика министри Олег Панкратов Бизнес-акыйкатчыда “жазалоо функциясы болбой турганын, бирок ал мамлекеттик органдарга таасир этүү механизмине ээ болоорун” айтты.

Бизнес-акыйкатчы институтун түзүү демилгесин Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт быйыл апрелде жаңы ишке киришкендеги программасынын алкагында жарыялаган. Өкмөт башчы июнь айында Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин жыйынында да бул боюнча убадасын кайталаган. Ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Араванда цемент заводдун ачылышына катышып жатып Бизнес-акыйкатчы мекемеси түзүлөөрү жөнүндө кеп салган.

Буга байланыштуу айрымдар жыл башында айтылган бул институтту уюштуруу кечеңдеп жатканын сынга алып чыгышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG