Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:31

Шинжаңда камалган Турдакун Абылет абактан чыкканы кабарланды


Шинжаң.
Шинжаң.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунун Кызыл-Суу Кыргыз автоном округунун тургуну, Кыргызстандын жарандыгын алган Турдакун Абылет абактан чыкканы кабарланды.

Бул тууралуу Кытайдан Кыргызстанга келип, жарандык алгандардын бири Алманбет Осмон уулу "Азаттыкка" билдирди.

Турдакун Абылеттин бошоп чыкканын досу Муслихиддин Салимов да ырастады. Анын билдирүүсүндө, Абылет 17-декабрда телефон аркылуу байланышып, абактан бир жума мурда чыкканын, азыр үйүндө экенин маалымдаган.

Бирок Муслихиддин Салимов анын чын эле абактан чыкканына толук ишенбей, "Кытайдын күч органдарынын басымы менен телефон чалган болушу мүмкүн" деп боолголоп жатат. Ал Абылеттин кыргыз жарандыгын алганын эске салып, аны Кыргызстанга алып келүүгө жардам берүүнү бийликтен өтүндү:

- Атасы да абактан чыккан окшойт. Атасынын ден соолугу начарлаганын, аны карап жатканын айтты. Он мүнөткө жакын сүйлөштүк. "Толук эч нерсе айта албайм, кээде чалып турам, үйүмдө телефон жакшы иштебейт, эки тоонун ортосунда жашайм, тоого чыгып сүйлөшүп жатам" деди. Менин суроолорума "шашпай сүйлөшөбүз" дегенсип койду.

Турдакун Абылет 2016-жылдын октябрында Кыргызстандын жарандыгын алган. 2017-жылы Кытайга кетип, ошол бойдон кайра келген эмес. Муслихиддин Салимов Абылеттин камалып кеткенин айтып, Кыргызстандын бийлигинен жардам сураган жана өз жаранын коргоого чакырган.

Турдакун Абылеттин тагдыры тууралуу макала "Азаттыкта" былтыр августта жарыяланган. Анын тагдыры тууралуу сураганыбызда, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ал кыргыз паспортун алганга чейин кытай жарандыгынан чыгуу жараянынан өтпөгөнүн, андыктан коңшу өлкөнүн жараны болуп эсептелээрин, алардын ички ишине кийлигише албай тургандыгын расмий кабарлаган. Ошол эле кезде "Ага паспорт берүүдө Кытай жарандыгынан чыкпаганы эмнеге эске алынган эмес?" деген суроо ачык бойдон калган.

Ноябрдын этегинде Кытайдагы жакындарын издеген жарандар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышкан. Кийинчерээк Кыргызстанда “Кытайдагы кыргыздарды колдоо" комитети түзүлүп, бул маселени бийликке, коомчулукка жеткирүү максатында жыйын уюштурулган. Бийлик алардын кайрылуусуна жооп кайтара элек. Тышкы иштер министрлиги кытайлык кыргыздар тууралуу маалыматтар такталып жатканын билдирген.

Кытайдын Шинжаң аймагында миңдеген адамдар "саясий тарбия берүүчү лагерлерде" кармалып жатканы тууралуу кабарлар 2016-жылдан бери чыга баштаган. Куугунтукка кабылып жаткандар андай жайларды "түрмө" деп атаса, Кытайдын өкүлдөрү жарандарды кесипке үйрөтүүчү кадыресе "борборлор" катары сыпаттап келет.

"Кытайдагы кыргыздарды колдоо" комитетинин маалыматына караганда, Шинжаңда расмий Бээжин "саясий тарбиялоочу лагерь" деп атаган жайларда 50 миңдей кыргыз отурат. (NT)

XS
SM
MD
LG