2016-жылдан 2018-жылдын ушул айларына чейин Кыргызстанда 1140 киши кыйноого кабылганын айтып кайрылды. Бул тууралуу маалымат Кыргызстандагы Кыйноого каршы коалициянын сөз болуп жаткан жылдарга жасалган баяндамасында жарыяланды.
Даттангандардын ичинен 1076сы же 94,4% милиция кызматкерлеринен кыйноо көргөнүн белгилешкен.
Баяндамадагы статистикалык маалыматтар жана кыйноонун алдын алуу чаралары 18-декабрда Бишкекте атайын жыйында да талкууланды.
Ноябрда Кыргызстандын Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борборунун директору Нурдин Сулайманов 2018-жылдын башынан бери бул мекемеге 250гө жакын арыз-даттануу түшкөнүн билдирген. Анын 100дөн ашыгы кыйноо фактысы боюнча арыздангандар. Ушул эле борборго 2017-жылы 200дөй арыз түшсө, анын 100гө жакыны кыйноо боюнча болгон. (ErN)