Кыргызстанга Орусиянын дагы бир базасын ачуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргөн жок. Бул тууралуу бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди.
- Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин буга өзгөчө маани берет. Азыр Канттагы базаны бекемдөө жана кеңейтүү жагы каралып жатат. Бизге Орусиянын бир эле базасы жетиштүү го деп эсептейм, - деди ал.
Канттагы авиабаза 2003-жылы Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы келишимдин негизинде 23-октябрда расмий ачылган.
Былтыр 29-январда "Орусиянын бириккен аскер базасынын макамы жана Кыргызстанда туруу шарттары жөнүндө" эки өлкөнүн ортосунда 2012-жылы түзүлгөн келишим күчүнө кирген. Ага ылайык, Орусиянын Кыргызстандагы бир катар аскердик объектилери бириккен аскер базасына айланган. Ал үчүн Кыргызстанга жылына 4,5 миллион доллар төлөнөрү айтылып, бирдиктүү базанын курамына Канттагы аскер аба майданы, Ысык-Көлдүн Кой-Сары жана Кара-Булуң аймагындагы сыноо полигону, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлы-Суудагы сейсмикалык борбор кирген. (AKu)