Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:57

Сасык тумоо күчөп баратат

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда сасык тумоо күчөп баратат. Бул тууралуу бүгүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 10-16-декабрда сасык тумоо менен катталган адамдардын саны 9077 болду, бул ага чейинки аптага караганда 16% көп.

Санэпидкөзөмөл мекемесинин Жугуштуу ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаеванын айтымында, ооруканаларда кошумча орундар ачылып жатат.

Оорунун көрсөткүчү былтыркыдан 1,6 эсе жогору. (RK)

XS
SM
MD
LG