Кар көчкүдөн улам 19-декабрда Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайку жолу жабылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы жолго болжол менен 20000 м3 кар көчкү түшкөнүн билдирди. Каттам аба ырайы турукташканга чейин жабык болот.
Кар көчкү түшкөн жерге техника жөнөтүлүп, тазалоо иштери жүрүп жатат.
Ушул күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жаан-чачын болууда.